Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Митингдегилер Жогорку сотко тандалган судьяларды бекитпөөнү талап кылууда


Митингге чыккандар.
Митингге чыккандар.

Жогорку соттун алдына нааразылык акциясына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууну токтотууга чакырышууда. Алар биринчи кезекте Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга тандаган талапкерлерди бекитпөөнү президенттен талап кылышууда. Мунун себебин акциянын уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Рита Карасартова мындайча түшүндүрдү:

- Жогорку сотко тандалып жаткан алты талапкердин жана Конституциялык палатага тандалып жаткан талапкерлердин буга чейин кандай иштерди караганы, кандай чечимдерди чыгарганы боюнча досье чогултуп келдик. Булар саясий буюртмаларды аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарган. Ошондуктан биз биринчи кезекте ушуларды бекитпегиле деген талап коюп жатабыз. Президенттин буга карата чечиминен ал коррупцияга каршы чындап күрөшөбү же саясий буюртма аткаргандардын кызмат ордун жогорулатабы - баары билинип калат.

Акцияга чыккандар мындан башка да талаптарды коюшууда. Алар ар кандай чакырыктар жазылган бир нече плакаттарды кармап турушат. Уюштуруучулардын айтымында, митинг өтөрү тууралуу мэрияга кабар берилип, макулдашылган.

Акция жалпы Кыргызстанда өтөрү кабарланууда, ага ылайык, аймактарда да жарандык коом өкүлдөрү жергиликтүү соттордун алдына "Биз коррупциядан тажадык" деген ураан менен чыгышат.

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алып, сотторду тандоо кеңеши бул алты талапкердин тизмесин 1-мартта президентке жиберген.

Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитиш үчүн парламентке жөнөтөт. Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG