Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Илимдин кандитаты менен докторлоруна берилүүчү кошумча акы көбөйдү


Улуттук Илимдер академиясынын алдындагы атомдун модели.
Улуттук Илимдер академиясынын алдындагы атомдун модели.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери үчүн маянадан тышкары ай сайын төлөнүүчү кошумча акчанын суммасы көбөйдү.

Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында кол койгону айтылды. Ага ылайык, илим кандидаты 900 сом, докторлор 1800 сом ай сайын кошумча акча алып турушат.

Буга чейин илимий даража үчүн кандидаттарга 300 сом, докторлорго 600 сом берилип келген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө учурда 933 илимдин доктору жана 4275 кандидаты бар. (NT)

XS
SM
MD
LG