Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдө учурда жалпысынан 933 илимдин доктору жана 4275 илимдин кандидаты бар.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү жаш окумуштуулар кандай шартта илимий иштерин жүргүзүп келишет? Жаңы ачылыштарды жасоонун сыры эмнеде? “Азаттык плюс” берүүсү бул жолу илим тармагынан кабар алды.

Көпчүлүк изилдөөчүлөр белгилешкендей учурда дүйнөдө жаратылыш ресурстары азайып баратат. Алсак, жакынкы жылдары суу, күйүүчү май каражаттары калктын муктаждыгын толугу менен канааттандыра албай калат. Бул учурда кошумча энергия жана каражаттарды алуу үчүн нанотехнология тармагы жардамга келет.

Кыргызстанда болсо саркынды сууну тазалоо көйгөйү менен Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун нанотехнология лабораториясынын илимий кызматкери Жазгүл Келгенбаева күрөшүп келет. Учурда жаш окумуштуу зыянкеч химиялык заттарды суудан натыйжалуу чыпкалап бөлүп алчу жаңы материалды иштеп чыгуунун үстүнөн эмгектенүүдө.

Жазгүл Жапонияда эл аралык Ph.D даражасын жактаган. Бирок бул даража Кыргызстанда кабыл алынбайт. Ph.Dнин Кыргызстандагы эквиваленти кандидаттык наам менен докторлуктун ортосунда.

Кылым карыткан тарыхы бар Орхон Эне-Сай жазуулары Нурдин Усеев үчүн мындан 13 жыл мурун илимий ишинин негизги темасына айланган. Ал унутта калган жазуулардын маанисине, өтмүшүнө токтолуп, улут менен маданиятка берген таасирин талдаган өлкөдөгү саналуу илимпоздордун бири.

Жаш окумуштуу алгач илимий жолун Илимдер академиясында баштаган. Кийин толук кандуу иштөөгө айлыктын аздыгынан, шарттын жоктугунан улам өзү окуп бүтүргөн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде мугалимдик кесипти аркалай баштаган. 35 жаш курагына чейин ондогон илимий макалалары жана китептери жарыкка чыгарган.

Өлкөдө окутуучулук менен илимий ишин жазып, даража алган жарандар жүздөп саналат. Маселен, 2016-жылы жазылган илимий иштердин 70 пайызга жакыны университетте ишке ашкан. Эксперттер мындай көрсөткүчтүн себебин илимий даражага төлөнгөн акчанын аздыгы жана тиешелүү шарттын жоктугу менен түшүндүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG