Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Алмамбет Шыкмаматов инфаркт коркунучунан улам ооруканага жатты 


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматов инфаркт коркунучуна байланыштуу ооруканада жатат. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Шыкмаматов оорусунан улам келе албай, Бишкек шаардык сотунда бүгүнкү жараян болгон жок. Сот ишти кароону токтотуу тууралуу өтүнүчтү четке какты:

- Мыйзамда ооруканада жатканда сот сөзсүз токтотулушу керек экендиги жазылган. Ошол мыйзамдын негизинде өтүнүч келтиргем. Ага карабай кийинки жараянды 13-мартка белгилеп койду, - деди Чынара Жакупбекова.

Алмамбет Шыкмаматовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралууда. Буга чейинки териштирүүлөрдө күбөлөр суралып бүтүп, кезек айыпталуучуга жеткен. Депутат былтыр жыл этегинде да жүрөк оорусунан улам бейтапканада дарыланып чыкканы кабарланган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.

Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG