Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Македония: өлкөнүн аталышын коргогондор чыгышты


Демонстранттар баш калаа Скопьедеги борбордук аянтта, 04.03.2018
Демонстранттар баш калаа Скопьедеги борбордук аянтта, 04.03.2018

Македонияда он миңдей киши өлкө аталышын өзгөртпөө чакырыгы менен нааразылык акциясына чыгышты. Мурдагы Югославиянын курамында болуп келген жумурияттын аталышын өзгөртүүнү кошуна Греция талап кылууда. Себеби Грециянын бир облусу дал ушундай аталат.

4-мартта улуттук тууларын көтөргөн демонстранттар баш калаа Скопьедеги борбордук аянтка, Улуу Александр – Искендер Зулкарнайындын эстелигинин жанына чогулушту. “Биз – македониялыкпыз!” деген ураан чакырган адамдар өлкө аталышын коргоп жатышканын айтышты.

Скопье менен Афины жакында дээрик 30 жылдан бери созулуп келаткан эски талашты жөнгө салууга киришти. Бир нече күн мурун Македониянын эл аралык аэропортунан Улуу Александрдын айкели алынып, кан жолдун аталышы өзгөртүлдү.

Бул чыр Македониянын НАТО жана Евробиримдикке кошулуусуна залакасын тийгизиши мүмкүн. Греция эки уюмдун тең мүчөсү.

XS
SM
MD
LG