Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр экенин айтты


АКШнын президенти Доналд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
АКШнын президенти Доналд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

АКШнын президенти Доналд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр. Жолугушуу болжол менен жакынкы эки айда болушу мүмкүн экени айтылууда.

Мындай маалымат Трамп менен Түштүк Кореянын делегациясынын жолугушуусунан кийин чыкты. Сеулдун ушул эле делегациясы бир нече күн мурда Пхеньянда Ким менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Алар Трамптын колуна Ким Чен Ындын чакыруусун тапшырышты. Жолугушуу Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу жана өзөктүк арсеналын толук жок кылуу максатын көздөйт.

Президент Трамп "Твиттердеги" баракчасына алдыдагы жолугушуу тууралуу оптимисттик көз карашын билдирди.

Ал Түндүк Корея жолугушуу маалында ракеталык сыноолордон убактылуу баш тартаарын жазып, Пхеньянга каршы санкциялар макулдашуу өз максатына жетмейинче алынбастыгын да кошумчалады.

Буга чейин кызматта отурган америкалык президенттердин бири да түндүк кореялык лидерлер менен жолугушкан эмес.

Жолугушуу качан жана кайда болоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG