Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Өмүркул уулу: ЖЭБде күл төгүүчү жай да курулбай калган


Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу.
Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу.

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу модернизацияга Кытай тарап бөлгөн 386 миллион доллардын ичинде "химиялык блок менен катар күл төгүүчү жай да салынган эмес" деп "Азаттыкка" билдирди:

- Эмне салуу керектиги боюнча негизги маселелер техникалык тапшырмада жазылып турат. Модернизацияда салынган жабдуу Чоң Чүй каналынан суу алгандан тартып, күл төгүүчү жайга чейин өзүн камсыз кылышы керек. Бүгүнкү күндө химиялык цех менен күл төгүүчү жай жок. Химиялык цехтин жоктугу кырсыкка алып келди. Эми күл төгүүчү жайдын жоктугу кандай болот? Же өзүбүздүн акчабызга салабызбы... Ал 386 миллион доллардын ичинде курулушу керек болчу.

ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов “Азаттык” менен болгон маегинде Нурлан Өмүркул уулунун айткандарын төгүндөп, "химиялык цех менен күл төгүлүүчү жай долбоорго кирген эмес" деп маалымдады.

Өткөн аптада Өмүркул уулу энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилерин ЖЭБде 26-январда башталып, бир жумага созулган кырсыктын "чыныгы себебин жаап-жашырып, элге туура эмес кабар берип жатат" деп айтып чыккан. Ал кырсыкка модернизация иштеринде ЖЭБде химиялык суу даярдоо системасынын курулбаганы жана имараттар өз убагында оңдолбогону түрткү болгонун билдирген. Ага чейин тиешелүү ишканалардын жетекчилери жана премьер-министр Сапар Исаков да кырсыктын себебин насостук станциянын иштен чыгышы менен түшүндүргөн.

Бишкек Жылуулук электр борборунда январда болгон кырсыктан кийин негизги күнөөкөрлөрдүн бири катары Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынып, ордуна 2013-2017-жылдар аралыгында бул ишкананы башкарган Андрей Воропаев келген. (NT)

XS
SM
MD
LG