Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Словак министри журналисттин өлүмүнөн улам кызматтан кетти


Cловакиянын президенти Андрей Киска жураналисттин элесин эскерген иш-чарада, 2.03.2018
Cловакиянын президенти Андрей Киска жураналисттин элесин эскерген иш-чарада, 2.03.2018

Словакиянын ички иштер министри Роберт Калиняктын кызматтан кетишине журналист Ян Куциактын киши колдуу болгону түрткү берди. Өткөн дем алыш күндөрү миңдеген киши министрдин кызматтан кетишин талап кылып демонстрацияларга чыккан.

Словакиянын соңку 20 жылдык тарыхындагы эң чоң митинг -демонстрациялар өлкөнүн 50дөй шаарында өттү. Нааразылыкка чыккандар өкмөттүн кызматтан кетишин жана мөөнөтүнөн мура шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Элдин мындай талабын Словакиянын президенти Андрей Киска дагы колдоп, жарандар бийликке болгон ишенимин жоготконун айтты.

Буга чейин өкмөттүн бир катар өкүлдөрү кызматтан кетүүгө мажбур болгон.

27 жаштагы Ян Куциак менен анын курбу кызынын сөөгү 26-февралда Братиславадан 65 чакырым жердеги Велка-Мака шаарындагы үйүнөн табылган.

Aktuality.sk интернет басылмасы жана Коррупцияны, уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык борбор (OCCRP) менен кызматташкан журналист акыркы кезде Евробиримдиктин фондунан Словакияга бөлүнгөн каражатты колдонууга италиялык мафиянын аралашканы, бул ишке премьер-министр Роберт Фицонун тегерегиндеги адамдардын да тиешеси бар болушу мүмкүн экенин иликтеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG