Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Шыкмаматовдун сотунда иштин материалдары изилденет


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бишкек шаардык соту бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантат. Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жараянда иштин материалдары изилденет. Сотко Шыкмаматов өзү келиши мүмкүн.

Өткөн аптада Алмамбет Шыкмаматов инфаркт коркунучуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, жараянга келе алган эмес. Жакупбекова анын оорусуна байланыштуу ишти кароону токтотууну өтүнүп, бирок сот аны четке каккан. Жараян 13-мартка белгиленген.

Буга чейинки териштирүүлөрдө күбөлөр суралып бүтүп, кезек айыпталуучуга жеткен. Депутат былтыр жыл этегинде да жүрөк оорусунан улам бейтапканада дарыланып чыкканы кабарланган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.

Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG