Каржы министрлиги билдиргендей, 31-январга карата алынган маалымат боюнча жалпы мамлекеттик карыз 4 миллиард 624,81 миллион долларды түздү.
Быйыл мамлекеттик карыз 111,81 миллион долларга көбөйдү. Анын ичинде 4 миллиард 139,28 миллион доллар - тышкы карыз. Бул сумманын 41,3 пайызы Кытайдын Экспорт-импорт банкына таандык.
Ал эми өлкөнүн башка жеңилдетилген насыя катары алган карыздары 1 миллиард 635,08 миллион доллар, ички карызы 485,54 миллион доллар.
Буга чейин "Глобалдык өнүгүү" аттуу эл аралык уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесине Кыргызстанды да кошкон. (NT)