Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Трамп менен Мэй мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышы боюнча сүйлөштү


Британ премьер-министри Тереза Мэй менен АКШнын президенти Доналд Трамп Брюсселдеги НАТОнун саммитинде. 25-май, 2017-жыл.
Британ премьер-министри Тереза Мэй менен АКШнын президенти Доналд Трамп Брюсселдеги НАТОнун саммитинде. 25-май, 2017-жыл.

АКШнын президенти Доналд Трамп менен Британиянын премьер-министри Тереза Мэй телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин орусиялык расмий өкүлдөр Англиянын түштүгүндө мурунку тыңчыны өлтүрүү аракетине байланыштуу “бир өңчөй жооп” бериши керек деп билдиришти. Бул тууралуу шейшембиде жарыяланган сүйлөшүүнүн стенограммасында айтылат.

Ак үй президент Трамп Мэйге “тилектештигин” билдирип, “Британия жүргүзүп жаткан иликтөөгө бардык тараптан колдоо көрсөтөөрүн” айтканын белгиледи.

Эки лидер тең "эл аралык нормаларды одоно бузуп, өтө коркунучтуу заттарды ким колдонсо да ал үчүн жооп берет" деп макулдашты. Трамп менен Мэйдин сүйлөшүүсүндө "Орусия" деген сөз айтылбаганын америкалык "Politico" басылмасы билдирет.

12-мартта Тереза Мэй британ парламентинде туруп, "мурдагы тыңчынын көзүн тазалоо аракетинин артында Кремл турат" деген "ыктымалдуулук жогору" экенин айткан.

Ушул тапта ооруканада жаткан 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33төгү кызы Юлиянын абалы дагы эле оор. Алар 4-мартта Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG