Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:15

Индияда кыргыз-индус аскердик машыгуусу өтүп жатат


Индиядагы "Канжар-2018" машыгуусу. Сүрөт Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына таандык.

Индияда кыргызстандык жана индиялык аскерлер биргелешкен машыгуу өткөрүп жатышат.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдиргендей, аскердик машыгуулар «Канжар - 2018» деп аталат. 14-мартта башталган иш-чара 30-мартка чейин уланат. Ага Кыргызстандын кургактагы аскердик бөлүктөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Эки жума аралыгында кыргызстандык жана индиялык жоокерлер тоолуу шартта мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу ыкмаларын үйрөнөт. Ошондой эле аларга аскердик операциялар тууралуу сабактар да уюштурулуп жатканы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG