Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Өзбек бийлиги атайын кызматтын генералын камакка алды


Өзбек коопсуздук кызматынын өкүлдөрү катары жоромолдонгон кишилер.
Өзбек коопсуздук кызматынын өкүлдөрү катары жоромолдонгон кишилер.

Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, 53 жаштагы генерал Шухрат Ташпулатовго кылмыш иши козголду. “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыккандай, Шухрат Ташпулатов быйыл февралда Аскер прокуратурасынын талабы менен камакка алынганы белгилүү болду.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги булактар Ташпулатовдун иши боюнча жабык сот 26-февралда өткөнүн кабарлашты. Маалыматка караганда, ал атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Шухрат Гулямовго козголгон кылмыш ишинин негизинде камалган. Ага Кылмыш кодексинин кайсы беренеси боюнча айып тагылганы азырынча белгисиз.

Шухрат Ташпулатов 2017-жылы 31-июлда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткарган жана президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен мекеменин Ташкент облустук башкармалыгын жетектеп, быйыл январда кызматтан алынган.

Шавкат Мирзиёев буга чейин Улуттук коопсуздук кызматын сынга алып, анын ишин кайра карап чыгуу зарыл экенин жарыялаган. 14-мартта президенттин жарлыгы менен УКК Мамлекеттик коопсуздук кызмат болуп өзгөрдү.

XS
SM
MD
LG