Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Борис Жонсон Путинди Гитлерге салыштырды


Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путинди Германиянын нацист лидери менен салыштырды.

Ал Путин футбол чемпионатын Адольф Гитлер 1936-жылы Олимпиада оюндарын өлкө имиджин бекемдөө үчүн колдонгондой колдонуп жатат деп эсептейт. Британиянын башкы дипломаты бул тууралуу парламент жыйынында сүйлөп жатып сөз айтты. Анда Орусияда өтчү мелдештерге Британиянын катышуусу талкууланган. Жонсон "Путин эл аралык өнөктөштөрдүн пикирлери менен эсептешпей жатат" деп билдирди.

Министр Лондон Москвадан британ күйөрмандарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылганын айтты. Өлкө бийлиги элди Орусияга баруудан баш тартууга үндөп жатканын кошумчалады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Жонсондун билдирүүсүнө комментарий берип, мындай салыштыруу дипломатияга жатпасын жана принциптерге туура келбесин айтты.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууланып, ооруканага жеткирилген.

Британ бийлиги бул окуяга Москваны күнөөлөп жатат. Ушундан кийин Орусиянын 23 дипломаты үй-бүлөсү менен 20-мартта Лондондон чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG