Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Жогорку Кеңеш: Кытай Компартиясынан жардам алган эмеспиз


Кыргызстандын парламенти.
Кыргызстандын парламенти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу "парламент Кытайдын Компартиясынан эч кандай жардам алган эмес" деп "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, былтыр Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Жогорку Кеңешке техникалык көмөк көрсөткөн. Бирок анын Кытай Компартиясы менен байланышы жок:

- Мен бизге келген бардык жардамдарды текшердим. Кытайдын Коммунисттик партиясынан 1 миллион сом албаптырбыз. Негизи Жогорку Кеңеш элчиликтер, парламентаризмди колдогон эл аралык уюмдар менен дайым иштешип, техникалык жардам, консультация, эксперттик жардам алып турат. Кытайдын Компартиясынан андай жардам келбептир. Болгону былтыр Жогорку Кеңештин аппаратына 1 миллион сомдун тегерегинде техникалык-гранттык жардам берилген. Бирок аны Кытайдын Компартиясы эмес, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги өз эрки менен берген. Акча түрүндө эмес, техниканы өздөрү алып берген. Расмий түрдө айта алам, 2017-жылы Кытайдын Компартиясынан эмес, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен жардам болгон.

Кытай Компартиясы КСДПга 1 миллион сом жардам бергенин аталган партиянын мүчөсү, парламент депутаты Рыскелди Момбеков 22-мартта "Азаттыктын" "Арай көз чарай" программасына катышкан учурда маалымдаган.​

Бүгүн КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, алгач Кытайдын Компартиясы КСДПга техникалык жардам бергенин, бирок ал партиянын балансына өткөрүлө электигин билдирген. Кийинчерээк Кытайдын Компартиясынын техникалык жардамы КСДПга эмес, Жогорку Кеңешке берилгенин кабарлаган.

Кыргызстандын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамы саясий партиялардын чет мамлекеттердеги партиялар тарабынан каржыланышына тыюу салат. (NT)

XS
SM
MD
LG