Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Жээнбеков: Марттагы элдик революциядан сабак алууга милдеттүүбүз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын 13 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жолдоду.

Анда 24-марттагы элдик революция эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлей турганы, ушул күнү эл адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлгөнү, бирок элдин үмүтү акталбай, революция максатына жетпей калганы жазылган.

- Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаал үй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады. Марттагы элдик революция элдин келечегин көздөгөн асыл максаттар дайыма коргоого муктаж экенин далилдеди. Эгемендүү мамлекетибиздин соңку тарыхындагы алгачкы элдик революцияны эстен чыгарууга акыбыз жок. 2002-жылдагы Аксы окуяларынан, 2005-жылдагы март элдик революциясынан сабак алууга милдеттүүбүз. Элдин эрки, апрель революциясынын шарапаты менен бизге экинчи ирет тарыхый мүмкүнчүлүк берилди, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.​ (NT)

24-март: өлкөнү өзгөрткөн түн
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:10 0:00

XS
SM
MD
LG