Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:02

Ооганстандын батышында мечиттеги жардыруудан бир киши набыт болду


Жанкечти кол салган мечит. Герат шаары. 25-март, 2018-жыл

Герат шаарындагы шииттердин мечитине жанкечтинин кол салуусунан бир киши өлүп, дагы сегиз адам жарадар болду. Бул тууралуу ооган полициясы билдирди.

Жардырууну "ИМ" тобу өзүнө алды. Экстремисттик топ мурдараак Кабулдагы шииттердин мечитине болгон кол салууну да жасаганын билдирген, анда отуздай киши набыт болгон.

Полиция башчысынын орун басары Аминулла Аминдин сөзү боюнча, жанкечти мечитке кирүүгө аракет кылган жеринен кароолчулар токтотуп калган.

"Эки жанкечти мечитке келген кезде биздин шиит бир туугандарыбыз намаз окуп жатышкан. Бактыга жараша аларды полиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл байкап калган" деди полиция өкүлү. Анын айтуусунда жанкечтилердин бирин кароолчулар атып өлтүргөн, экинчиси өзүн жардырууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG