Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Жалал-Абадда аксакалдар коомчулукка кайрылышты


Аксакалдар кеңешинин Жалал-Абаддагы мүчөлөрү.
Аксакалдар кеңешинин Жалал-Абаддагы мүчөлөрү.

Республикалык аксакалдар кеңешинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн мүчөлөрү мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевдин жана Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиевдин сөздөрүнөн улам коомчулукка кайрылышты. Бул тууралуу аксакалдар кеңешинин облустук бөлүмүнүн төрагасы Эркин Бегимкулов 26-мартта “Азаттыкка” билдирди.

"Маселени аксакалдар бир жумадан бери чогуу отуруп талкуулап, коомчулукка ушул кайрылуу менен чыгып жатабыз. Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевдин президент Сооронбай Жээнбековго байланыштуу пикирлери коомдо терс маанайдагы ойлорду жаратып, ынтымакка доо кетирүүдө. Экөөнүн артында турган топтор мурунку президент Алмазбек Атамбев менен президент Сооронбай Жээнбековдун эле эмес, элибиздин түндүгү менен түштүгүн араздашууга түртүп жатат. Облустагы аксакалдар кеңеши, тажик, уйгур диаспораларынын жетекчилери, дин өкүлдөрү биригип алардын президентке карата пикирлерин кескин айыптайбыз", - деп айтылат билдирүүдө. Кайрылууга кеңешке мүчө болгон аксакалдардын баары кол коюшкан.

Марттын башында Алмазбек Курманалиевдин президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн салыштырган макаласы кызуу талкууга түшкөн.

Анда Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу баяндамасы сынга алынып, "Атамбаевдин учурунда бул багытта жасалган иштерди жокко чыгаруу аракети бар" деген кине коюлган.

Мискенбаев болсо президенттин иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусу керектигин айтып, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө керек деген өңүттө сүйлөгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG