Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

20дан ашуун өлкө орус дипломаттарын чыгарат


Лондондогу Орусиянын элчилиги. 22-март, 2018-жыл.
Лондондогу Орусиянын элчилиги. 22-март, 2018-жыл.

22 мамлекеттин бийлиги Англияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышы боюнча Кремл Лондонго түшүндүрмө берүүдөн баш тарткандан кийин өз аймактарынан орусиялык дипломаттарды чыгарууну чечти. Британия 23 орус дипломатын өткөн аптада чыгарган. Евробиримдикке кирген 15 өлкө, АКШ, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина да Лондонго тилектештигин билдирди. Жалпысынан бул өлкөлөрдөн 140 орус дипломаты чыгарылат.

Исландия болсо Орусия менен жогорку деңгээлдеги бардык байланыштарын токтотоорун жарыялады. Ошондой эле Исландиянын бийлиги Орусияда жайында өтчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка барбайт. Буга чейин Лондон да министрлер кабинетинен жана канышанын үй-бүлөсүнөн эч ким чемпионатка барбай турганын билдирген.

4-март күнү Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын кайгылуу тагдыры Москва менен Лондондун ортосундагы саясий кризиске алып келди. Алар ооруканада эс-учуна келе албай жатышат.

XS
SM
MD
LG