Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Сауд Арабиясы Иранды "хуситтерге курал берет" деп айыптады


АКШнын БУУдагы элчиси Иран Йемендеги хусит козголоңчуларга курал-жарак берип жатканына Вашингтондун колунда жетиштүү далилдер бар экенин айткан.
АКШнын БУУдагы элчиси Иран Йемендеги хусит козголоңчуларга курал-жарак берип жатканына Вашингтондун колунда жетиштүү далилдер бар экенин айткан.

Сауд Арабиясы башында турган коалиция Иран "Йемендеги хусит козголоңчуларын курал-жарак менен жабдыйт" деген маалымат боюнча далилдерди көрсөттү. Шейшембиде коалициянын басма сөз катчысы Турки ал-Малки билдиргиндей, перс тилиндеги жазуулары бар ракеталар Йеменде табылган. Малки хуситтер Сана шаарынын аэропортун аскердик максатта колдонуп, гуманитардык жардамдын жетишине жолтоо кылып жатышканын кошумчалады.

Бир күн мурда Сауд Арабиясы Йемендеги хусит козголоңчулары учурган жети ракетаны абадан жок кылганы маалым болгон. Ракеталар баш калаа Эр-Риядды жана дагы үч аймакты бутага алып, борбор шаардын четинде асмандан чачырап түшкөн ракета сыныктары бир кишинин өмүрүн алып, эки адам жарадар болгону да маалымдалды.

Иран буга чейин да АКШнын жана Сауд Арабиясынын Йемендеги козголоңчуларды Тегеран курал менен жабдыганынын “айныксыз” деген далилдерин четке кагып келген.

26-мартта Йемендеги жарандык согуштун башталганына туура төрт жыл болду. Бул датага байланыштуу баш калаа Санада миңдеген хуситтер согушту токтотууга чакырган демонстрацияга чыгышты. Алар Саудия башында турган коалицияны диалогго чакырышты.

XS
SM
MD
LG