Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Косово сербиялык аткаминерди өз аймагынан күч менен чыгарды


Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журич Косоводон чыгарылды. 26-март, 2018-жыл.
Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журич Косоводон чыгарылды. 26-март, 2018-жыл.

Белград Косоводо сербиялык аткаминердин бир күн мурда кармалып, өлкөдөн күч менен чыгарылышы боюнча нааразылык билдирип, Приштинаны айыптады.

26-мартта Митровица шаарынын администрациясына полиция кирип барып, Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журичти кармап, колуна кишен салып барып, өлкө аймагынан күч менен чыгарган. Мурдараак расмий Приштина Журичке анын улутчул билдирүүлөрүнөн улам өлкө аймагына кирүүгө тыюу салган эле. Сербиялык аткаминер буга карабай Митровицадагы жыйынга барган. Ал жакта Косово менен Сербиянын ортосунда алакаларды жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр өтмөк. Сербиянын президенти Александр Вучич окуяны «орой чагым жана оор кылмыш» деп атады.

Митровица шаары Косоводо жайгашкан. Шаар калкынын көпчүлүк бөлүгүн серб улутундагылар түзөт. Жаңыдан түзүлгөн келишимде аймактагы соттор менен прокурорлорду теңме-тең санда түзүү каралган.

Косово өз эгемендигин 2008-жылы жарыялаган, бирок Белград аны тааныбай келет. Косовонун калкынын 90% көбүн албандар түзөт.

XS
SM
MD
LG