Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:19

Косовонун эгемендигине он жыл толду


Жаш косоволуктар Эгемендик майрамына арналган жүрүшкө чыгышты. Приштина, 16-февраль, 2018-жыл.

17-февралда Косово Сербиядан бөлүнүп, күнкорсуздугун жарыялаганына 10 жыл толду. Дүйнөнүн 115 мамлекети тааныган Балкандагы бул өлкөнүн төбөлсүздүгүн серб бийликтери четке кагып келет. Эгемендик майрамынан бир күн мурун Германия Сербияга Евробиримдикке мүчө болуунун шартын жарыялады. Расмий Берлиндин жүйөсүндө, Евробиримдикке кошулуу үчүн дал ушул Косовонун көз карандысыздыгын таанышы керек. Азырынча буга расмий Белград эч кандай жообун айта элек.

2008-жылдын 17-февралы көптөгөн косоволуктардын күнү бүгүнкүдөй эсинде турат. Ал күнү ошол кездеги премьер-министр, учурда өлкөнүн президенти Хашим Тачи негизинен албан калктуу аймакты бир жактуу түрдө Сербиядан күнкорсуз өлкө деп жарыялаган эле:

"Мен Косовону көз карандысыз демократиялык мамлекет деп жарыялайм",-деген Хашим Тачи Косово парламентинин атайын сессиясында Көз карандысыздык жөнүндөгү декларацияны окуган эле.

Косовонун президенти Хашим Тачи. Приштина, 14-февраль, 2018-жыл.
Косовонун президенти Хашим Тачи. Приштина, 14-февраль, 2018-жыл.

Декларацияда Косово көп улуттуу, көз карандысыз жана демократиялуу өлкө деп жарыяланган. Андан бери бул чакан Балкан өлкөсүн дүйнөнүн 115 мамлекети тааныды. Анын ичинде Евробиримдикке мүчө 28 өлкөнүн 23ү бар. Бирок расмий Белград жана анын шериктеши Орусия Косовону Сербиянын тарыхый бөлүгү катары санап, эгемендигин тааныбай келет. Ал эми батыш өлкөлөрү: Германия, Британия жана АКШ Косовонун төбөлсүздүгүн алгачкылардан болуп таанышкан.

Косово эгемендигинин 10 жылдыгын утурлай Берлин Сербияны Приштинанын төбөлсүздүгүн таанууга чакырды:

"Эгер Сербия Евробиримдикти карай жылууну, мыйзам үстөмдүгүн орнотууну кааласа, эң башкы шарт - Косовонун эгемендигин кабыл алышы керек",-деп билдирди Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриэл.

Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриел. Приштина, 14-февраль, 2018-жыл.
Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриел. Приштина, 14-февраль, 2018-жыл.

Немис башкы дипломаты бул тууралуу Приштинада Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинаж менен кездешкен учурда айтты. Габриелдин айтымында, Берлин мындай позицияны Сербиянын бийлигине бир күн мурда Белградга барганда да эскерткен. Германиянын билдирүүсүндө Серб бийликтери азырынча эч кандай жооп кайтара элек.

Өлкөнүн президенти Александр Вучич 15-февралдагы Сербиянын Улуттук күнүнө карата калкка кайрылуусунда бул тууралуу үн каткан жок.

Сербия 2025-жылы Евробиримдик талап кылган шарттарды аткарса шаркетке мүчөлүккө кабыл алынары 6-февралда Брюссель жарыялаган документте да айтылган.

Эгемендик маселеси толук кандуу чечилбеген Косовону кабатыр кылган дагы толгон-токой көйгөй бар. Калкы эки миллионго жетпеген чакан өлкө аймактагы эң жакыр мамлекет катары да белгилүү. Башкаруу институттары эми гана түптөлүп жатат.

Калктын үчтөн биринин күнүмдүк тапканы бир долларга жетпейт. Жумушсуздуктан улам жылына он миңдеген жаштар башка өлкөлөргө иш издеп кетүүгө аргасыз. Буга тамырын кенен жайган жемкордук, инвестициянын жетишпестиги да кедергисин тийгизип жатат. Бирок мындай кырдаалга карабай өлкөдө калып, кескин реформалардан үмүттөнгөндөр да бар. Алардын бири - Саранда Богуйевци.

33 жаштагы Саранда өспүрүм кезинде башталган кандуу кагылышууларда серб армиясынын колунан ок жеп, жаракат алган. Андан тышкары ондон ашуун тууганын жоготкон. 2017-жылы ар парламенттик шайлоого катышып, утуп чыккан.

- Саясатчылар гана эмес, карапайым адамдар да жаңы мамлекетибиздин курулушуна жоопкербиз. Биздин өлкө кичинекей болгону менен потенциалы жогору. Биздин жаштар абдан акылдуу. Баарыбыз бирге алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө, мамлекетибизди көтөрүүгө умтулушубуз керек.

Эгемендиктин он жылдыгын майрамдоого даярданган косоволуктардын көпчүлүгү өлкөсүнүн жаркын келечегине ишенишет.

Учурда баш калаа Приштинада күнкорсуздук майрамына арналган салтанаттуу иш-чараларга даярдык соңуна чыгууда.

Косовонун тагдыры Балкан мамлекеттеринен айырмаланбайт. Ал 1990-жылдардын соңунда албан козголоңчуларынын куралдуу көтөрүлүшү менен башталган. Аларга жооп катары Югославиянын армиясы жазалоочу жүрүштөрдү жасаган.

НАТОнун аба соккуларынан кийин кагылышуулар токтоп, Косово Улуттар Уюмунун коргоосуна алынган. Кийин Югославия ыдырап, ал эми Косово 2008-жылдын 17-февралында Сербиядан бөлүнүп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG