Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:54

Экотехинспекция соода борборлорун эскертүүсүз текшерет


Өрттөнүп кеткен Ош базары. 5-март, 2018-жыл.

Учурда өлкөдөгү бардык базарлардын, соода борборлорунун, окуу жайларынын жана эл көп чогулуучу жайлардын коопсуздук абалы текшериле баштады.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асанов билдирди:

- Биздеги базар болобу, соода борборлору болобу, бардыгында өрт коопсуздугунун алдын алуу маселеси начар иштелип чыккан. Учурда бизде көпчүлүк курулуштар пластик, пенопласт менен курулуп жатат. Булар эң тез күйүүчү, кооптуу материалдар болуп саналат.

Адатта соода борборлорунун жана базарлардын коопсуздугун текшерүү ишкерлерди колдоо тартибинин негизинде он күн мурда алдын-ала кабарлоодон кийин гана жүргүзүлөт.

Экотехинспекция былтыр Кыргызстандагы 134 чоң базардын ичинен 100 базарды текшерип, анын 46сына өрт коопсуздугун одоно бузганы үчүн 820 миң сомдук айыппул салган. Мындан сырткары 30 соода борбору текшерилип, 10уна эреже бузганы үчүн 200 миң сом айыппул салынды.

Текшерүү учурунда суу түтүктөрүнүн, насостордун, эвакуациялык чыга бериштердин, электр зымдарынын абалына жана кызматкерлердин даярдыгына көңүл бурулат. Эгер коопсуздук эрежелери сакталбаган болсо, анда ишкерлерге 30 күн уруксат берилет. Бул аралыкта абалды оңдобогон жетекчиге миң сомдон 50 миң сомго чейинки өлчөмдө айыппул салынат.

25-мартта Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрт 64 кишинин өмүрүн алган. Буга байланыштуу, Кыргызстанда да эл чогулган жерлерди текшерүү маселеси коомчулуктун талкуусуна түштү.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG