Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

"Коммерсант" Лондондун «Скрипалдын иши» боюнча билдирүүсүн жарыялады


Иликтөөчүлөр Солсберидеги Скрипалдын үйүндө иштеп жатышат. 22-март, 2018-жыл.
Иликтөөчүлөр Солсберидеги Скрипалдын үйүндө иштеп жатышат. 22-март, 2018-жыл.

Британиянын Москвадагы элчилигинде өткөн жабык жыйында көрсөтүлгөн документте Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы офицери Сергей Скрипалдын ууландырылышына Орусия «толук күнөөлүү» экени айтылат. Бет ачарды британдардын Москвадагы элчиси Лори Бристоу өткөргөн.

Лондон даярдаган документтин көчүрмөсү «Коммерсант» гезитинин колуна тийген. Буга чейин Лондон Скрипалга кол салууда Москванын тиешесинин «ыктымалдуулугу жогору» деп билдирген.

Москвадагы элчиликте өткөн бет ачарды чет өлкөлүк элчиликтердин 80ден ашуун өкүлү көрүп, кагаз жүзүндө да алышканын «Коммерсант» белгилейт.

Ага катышкандардын бири, АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман басылма менен болгон маегинде документте Лондондун позициясы «өтө ынынамдуу» көрүнгөнүн айткан.

"Коммерсант» жарыялаган документ алты барактан турат. Анда 4-марттан 20-мартка чейинки окуянын хронологиясы, британдар белгилегендей, Скрипал менен анын кызы ууландырылыган «Новичок» деген зат тууралуу маалымат берилет. Андан сырткары Лондондун Москвага карата көрүп жаткан чаралары айтылат.

Басылма ошондой эле британ элчиси жыйынга катышкандарды Лондонду колдоп, эл аралык коопсуздукту камсыз кылыш үчүн чара көрүүнү өтүнгөнүн жазат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова документ тууралуу комментарий берип жатып, Британияны «коомдук пикирди өз пайдасына бурмалап жатат» деди.

4-март күнү Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын кайгылуу тагдыры Москва менен Лондонду саясий кризиске кептеди. Алар ооруканада эс-учуна келе албай жатышат.

XS
SM
MD
LG