Каталониянын парламенти автономиянын мурдагы лидери Карлес Пучдемон камалгандан кийин шаршембиде алгачкы сессиясына чогулду. Алар аймакта жаралган кризисти жөнгө салуунун жолдорун талкуулашты.
Пучдемон 25-мартта Германияда кармалгандан кийин Барселонада жүздөгөн адамдар нааразылык акциясын улантып келатышат. Чогулгандар кечээ темир жол бекетине кирүүгө умтулушкан. Полиция буга жол берген жок. Таң эрте демонстранттар башкы кан жолдорду тороп, узун тыгындар пайда болду. Алар Пучдемонду жана камактагы башка оппозициячыл лидерлерди бошотууну талап кылышууда.
Мадриддин өтүнүчү менен Германияда кармалган Пучдемонду Испанияга экстрадициялоо маселесин немис соту бир нече күндө чечерин билдирген.
Испаниянын Каталония автономиясындагы саясий кризис былтыр жыл соңунда башталган.