Линктер

бейшемби, 26-апрель, 2018 Бишкек убактысы 11:41

Трамп менен Мэй орусиялык дипломаттарды чыгарууну талкуулашты


АКШ президенти Дональд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Сергей Скрипалдын ууланышына жооп катары орусиялык дипломаттарды чыгаруу маселесин сүйлөштү. Алар кайсы гана өлкөдө болбосун Орусиянын тыңчылык желесинин жана химиялык чабуулунун алдын алуу маанилүү экенин белгилешти. Бул тууралуу АКШнын Ак үйү кабарлады.

Британ премьери Тереза Мэй Лондонду колдоп, өлкөсүнөн 60 орусиялык дипломатты чыгарганы үчүн АКШ президенти Дональд Трампка ыраазычылык билдиргенин британ өкмөтү сайтына жазды.

4-мартта мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия Британиянын Солсбери шаарында кооптуу химиялык затка ууланып, ооруканага жеткирилген. Лондон бул үчүн Москваны айыптаган. Орус бийлиги дооматты четке кагып жатат.

Британия андан 23 орус дипломатын чыгарды, Орусия ага жооп иретинде британ дипломаттарын мекенине кайтарды. АКШ, Канада, Австралия, Украина жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү да орусиялык дипломаттарды чыгарып жатышат. Жалпысынан 100дөн ашуун орусиялык дипломат мекенине кайтып келди.

Мурдараак Британия "Бириккен падышалыктын букараларына коркунуч келтириши ыктымал" деген орус активдерин токтоткон. Акыркы маалыматтар боюнча Лондон "Скрипалдын ишине байланыштуу" орусиялыктарга 2008-2015-жылдары берилген инвестициялык визаларды текшермекчи. Британ полициясынын маалыматы боюнча текшерүүгө 700гө чамалуу орусиялык дуушар болот.

Инвестициялык виза алыш үчүн британ экономикасына кеминде эки миллион фунт каражат салынууга тийиш.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG