Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:33

Кадамжайдын Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Бел-Алма көмүр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштер жана облустук УКМК кызматкерлеринин аракети тууралуу 30-мартта жергиликтүү активисттер маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Алар кенди иштетип жаткан компания мурда берген убадасын аткарбай жатканын айтышууда.

Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого уруксат алган “Беш-Арча ”ишканасы кенди коррупциялык жолдор, мыйзам бузуу менен казып жатканын айткан жергиликтүү тургундар бир топ убакыттан бери нааразылык билдирип келатышат. Бул маселе былтыр Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Кеминде 70 миллион тоннадай көмүр жаткан Бел-Алма кенине байланыштуу былтыр июнда кылмыш иши козголгон. Ишти Кылмыш кодексинин мыйзамсыз ишкерлик, сот чечимин аткарбоо жана жер кыртышын бузуу беренелеринин негизинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иликтеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG