Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Бишкектеги соода борборлорунда өрткө каршы машыгуу өттү


Бишкектеги "Азия Молл" соода борборундагы машыгуу учуру.
Бишкектеги "Азия Молл" соода борборундагы машыгуу учуру.

Бүгүнкү машыгуу Бишкек шаарындагы "Азия Молл", "Бишкек Парк", "Балдар дүйнөсү" соода-оюн-зоок борборлорунда жана "Аламүдүн" базарында өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Машыгууда өрт өчүрүүчүлөр өз мүмкүнчүлүктөрүн, соода жайларынын эвакуациялык шарттарын, алардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин аракеттерин сынап көрүштү. Натыйжада айрым кемчиликтер аныкталып, алар мекеме жетекчилерине эскертилди.

ӨКМден кабарлашкандай, адамдар көп чогулган жерлерде өрткө каршы машыгуу иштери борбор калаада жана өлкөнүн башка аймактарында мындан кийин да улантылат.

25-мартта Кемероводо оюн-зоок соода борборунда чыккан өрттөн 64 киши набыт болгон, анын 41и балдар. Бул кырсыктан кийин Орусиянын шаарларында жана КМШ мамлекеттеринде соода борборлорун жана базарлардын өрт коопсуздугу текшерүүгө алына баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG