Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

"Зимняя вишня" соода жайына ээлик кылган компаниянын директору камалды


"Зимняя вишня" оюн-зоок соода жайы өрттөн кийин.
"Зимняя вишня" оюн-зоок соода жайы өрттөн кийин.

"Зимняя вишня" оюн-зоок соода жайына ээлик кылган компаниянын башкы директору эки айга камалды. Мындай чечимди Кемероводогу сот ишемби күнү чыгарды.

"Юлия Богданова өрт коопсуздугун сактабай, адамдардын өлүмүнө жол бергени үчүн айыпталууда" деп кабарлады Интерфакс агенттиги.

Тергөө жүрүшүндө "Кемерово кондитер комбинаты" компаниясынын директоруна оңдолгон имаратта коопсуздук системасынын жетишсиз экени тууралуу бир нече жолу эскертүү берилгени аныкталган. Тергөөчүлөр Богданова керектүү чараларды көргөн эмес деп эсептешет.

25-мартта "Зимняя вишняда" чыккан өрт расмий маалымат боюнча 64 адамдын өмүрүн алып кетти. Курмандыктардын басымдуусу балдар. Буга чейин соода борборунун техникалык башкаруучусу жана директору, компаниянын өрт коопсуздугун караган кызматкерлери, тергөөдө сигнализацияны баспай койгон деп табылган күзөтчү камакка алынган.

XS
SM
MD
LG