Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:40

Пхеньян: Ким Чен Ын Сеулдан барган өнөрпоздордун концертин көрдү


Ким Чен Ын жубайы менен Бээжиндеги жолугушуудан кетип баратышат. 27-март, 2018-жыл.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сеулдан барган артисттердин концертине күбө болгонун кабарлашты.

10 жылдан ашуун түштүк кореялык өнөрпоздор Пхеньянга бара элек болчу. Бул жолу алар 27-апрелде өтчү эки Кореянын саммитине даярдык көрүүнүн алкагында барышты. 120 кишиден турган топ 1-апрелде жана 3-апрелде концерт берет.

Жекшембиде Пхеньяндын бир жарым миң көрүүчү баткан Чоң театрына Ким Чын Ын жубайы менен келип концерт көрдү.

Түштүк Кореянын "Йонхап" маалымат агенттигинин кабар боюнча Ким Чен Ын эки Кореянын ортосунда маданий иш-чараларды тез-тез өткөрүүнү, ушул күздө Сеулда түндүк кореялык артисттердин концертин уюштурууну сунуш кылды.

Жекшембинин кечиндеги концертке Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон жана Жогорку элдик жыйындын төрагасы Ким Ён Нам да барды.

Эки Кореянын президенттери 27-апрелде чек ара аймагындагы айылда жолугушат. Бул 1950-53-жылдардагы согуштан кийинки жогорку деңгээлдеги үчүнчү кездешүү болмокчу. Саммит Пхеньяндын өзөктүк программасынан улам пайда болгон тирешүүнү жөнгө салуудагы олуттуу дипломатиялык кадам катары каралууда.

Ким Чен Ын апта башында Бээжинде Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин менен жолугуп кеткен. Ал эми май айында Түндүк Кореянын президенти АКШнын мамлекет башчысы Доналд Трамп менен кездешүүсү күтүлүүдө.

Эки кореянын лидерлери буга чейин 2000 жана 2007-жылы Сеулда бийликте либералдуу өкмөт турган кезде сүйлөшүү өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG