Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Cот бак-дарактарды кыюуга каршы акцияга уруксат берген жок


Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.
Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.

Кыргызстандын "Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Булекбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Бишкектин Ленин райондук мындай чечимди 29-мартта чыгарды.

Аталган партиянын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, экологдор 3-апрелде бак-дарактарды кыюуга каршы акция өткөрүү тууралуу шаар мэриясына кабарлашкан.

Бирок сот Ленин районунун аймагында 1-апрелден 10-апрелге чейин кандай гана акция же митинг болбосун өткөрүүгө тыюу салган. Уюштуруучулар соттун чечимине карабай эртең “Биз тумчугуп жатабыз!” деп аталган жүрүш өткөргөнү жатышат. Анда бийликке баш калаада тал-теректерди кыюуну токтотуу, абанын булганышынын жана чаң-кирдин алдын алуу боюнча аракеттерди көрүү, бак-дарактардын кыйылышына жол берген аткаминерлерди жоопко тартуу талабы коюлат.

Бишкекте активисттер бак-дарактарды кыюуга тынымсыз нааразылык билдирип келишет. Алар бир кезде "жашыл шаар" атка конгон Бишкекте акыркы 25 жыл ичинде бак-дарак кескин азайып кеткенин, советтик доордо бир кишиге 30 чарчы метр жашыл аянт туура келсе, азыр бул көрсөткүч 5 чарчы метрден ашпай калганын жүйө келтиришет.

Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Мэр Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна өткөн жылы жети, быйыл он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган.

Экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе көп экенин айтып чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG