Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:10

Бишкекте тамактан уулангандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Бишкектеги жетекчиси Артур Буюкляновдун маалыматы боюнча, "Ала-Тоо" ресторанында тамактан ууланганын айтып, дарыгерге кайрылгандардын саны 139 адамга жетти. Алардын ичинен 89у Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Булардын ичинен 19у балдар.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эсенбек Сатылкановдун маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага ушул тойдон кешик жеген 12 киши кайрылган. 1-апрель күнү 10 киши ооруканага жаткырылган, бирөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.

Адамдар жапырт ууланган "Ала-Тоо" ресторанына Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, тамак калдыктарынан анализ алынды. Уулануунун себептери лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгына карата бир нече күндүн ичинде белгилүү болоорун Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Оштон, Ысык-Көлдөн, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү тою өтүп, андан 38 адам ууланган.

Ресторандын ээлери "текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбейт" деп билдиришти. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок эти себеп болгонун, так жыйынтык 4-апрелде чыгарын билдирди.

Коомдук тамактануучу жайлардан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG