Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө митингчилер менен полициянын кагылышуусунан кеминде 20 адам мерт болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 1-апрелде билдиришкендей, Кашмирдин Сринагар шаарынын түштүк ыптасында болгон окуядан 3 индиялык аскер, согушкер катары шектелген 13 адам жана 4 жөн-жай тургундун өмүрү кыйылды.
Маалыматка ылайык, миңдеген демонстранттар Индиянын башкаруусуна нааразылык иретинде көчөгө чыгышып, таш ыргыта башташканда полиция аларга ок аткан. Уюштуруучулар нааразылык акциясын улантууга убада берип жатышат. Мындан улам 2-апрелде Сринагар шаарындагы мектептерде сабактар убактылуу токтотулду.
Соңку нааразылык акциялары Индиянын күчтөрү Кашмирдин түштүгүндө козголоңчуларга каршы операция баштагандан кийин тутанды. Бул аймакта Нью-Делинин бийлигине каршы жоочулардын аракети күчөгөнү кабарланып келет.
Индия менен Пакистан 1947-жылы Британия колониясынан бошонгондон бери Кашмирди талашып келишет. Буга чейин Кашмир маселеси боюнча эки тараптын ортосунда эки жолу согуш чыккан.