Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:41

Орусия Казакстанда ракетадан коргонуу системасын сынады


"Сармат" баллистикалык ракетасынын 30-марттагы сыноосу.

Орусия Казакстандагы "Сарышаган" полигонунда ракетага каршы жаңы коргонуу системасын сынаганын билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин «Красная звезда» гезити 2-апрелдеги санында генерал-майор Андрей Приходьконун «жаңы, модернизацияланган система коюлган максатты ишке ашырып, шарттуу бутага эсептелген убакытта барып тийди» деген сөзүн келтирди.

Сыноо качан өткөрүлгөнү жана калган чоо-жайы айтылган жок. Орусия ижарага алган Казакстандын түндүгүндөгү бул полигондо буга чейин да сыноолор жүргүзүлүп келген. Орус коргоо мекемесинин сайтында айтылгандай, бул система Москва шаарын абадан коргоону жана космос мейкиндигин көзөмөлдөөнү көздөйт.

Март айынын соңунда Орусиянын Коргоо министрлиги "Сармат" деп аталган континент аралык баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын билдирген. Ракета Архангельск облусундагы "Плесецк" космодромунан учурулган болчу.

Орус президенти Владимир Путин быйылкы жылдык кайрылуусунда “Сармат” ракетасы бутага Жер шарынын Түндүк да, Түштүк да уюлунан сокку урууга жөндөмдүү экенин, ага ракетадан коргонуу системаларынын бири да тоскоолдук кыла албастыгын айткан.

XS
SM
MD
LG