Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:10

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары бүгүн толук ишке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу баш калаадагы маршруттук каттамдарды иштеткен “Лига авто” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бешболуш Матисаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айдоочуларды каттамга чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

- Эртеден бери ар бирине барып, чыгарып атабыз. Азыр айдоочулардын 20-30 пайызы ишке чыкты. Дагы чыгып атышат. Биз таңкы саат 5тен бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөбүз. №200 маршрутта иштегендердин алды Беш-Күңгөйдөн Кызыл-Аскерге жетип калды. №212 маршруттун айдоочулары да экинчи рейске өтүп калганын айтышты. Бири-бирин карап, чочулап турган айдоочуларды да бирден отургузуп чыгарып атабыз. Буюрса, кыймыл башталды. Азыр бири-бирин карап аңдып турушат да. Алды кетти, эми калгандары да чыгат. Баары акча тапкысы келет, элди кыйнагысы келбейт.

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу, айыппулду азайтуу жана тарифти көтөрүү талабы менен 2-апрелде иш таштаган. Баш калаада бирин-экин гана маршруттук таксилер жүрүп, автобус-троллейбустар гана иштегендиктен, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр көбөйдү. Көчөлөрдө узакка созулган тыгындар пайда болду.

Мэрия айдоочулардын талабы аткарылбай турганын, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотуларын билдирген. Шаардыктар ушу тапта маршруттук таксилер дагы эле жоктугун, көчөлөрдөн бирин-экин гана кичиавтобустар каттап жатканын кабарлашууда. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG