Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Тажик-орус авиакаттам чыры кайра козголду


Тажикстандык "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын стюардессалары.
Тажикстандык "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын стюардессалары.

Тажикстан менен Орусиянын аба каттамдарында кайрадан кризис. Тажик авиациясы орус тарапка жооп иретинде "Урал авиалиниялары", "Ютэйр", "Сибирь", "Северный Ветер" жана "Глобус" компанияларынын 11 багыт боюнча каттамына тыюу салды.

Каттам токтогонуна карабай эртелей билет алгандар кайра тапшырууга ашыкпай турат. Алар баары калыбына келет деген үмүттө. Көбү Орусияга иштегени бараткан эмгек мигранттары.

- 3-апрелде учмакмын. Ошон үчүн келдим. Барып жумушка чыгышым керек...

- Мен Орусияда курулушта иштейм. Эгер каттамды токтотушса, кайра билет сатып алам да...,- дешти ара жолдо калган жүргүнчүлөр.

Авиакассаларда соода кескин солгундады. Андагы кызматкерлердин бири Адолат кирешеден мурда көздөгөн жагына жетпей жаткандарга кейиди:

- Кирешеден мурда кеп адамдардын жабыркап жатканында. Алар алдын-ала жумуш менен сүйлөшүп, анан баратышкан да. Анан учак каттамы токтоп калып жатпайбы.

"Урал авиалинияларынын" учагы.
"Урал авиалинияларынын" учагы.

Эки өлкөнүн авиация тармактарынын чатагы марттын башында чыккан. Орусиялык "Урал авиалиниялары" Пермь менен Челябинскиден Тажикстанга каттам ачууну чечкен.

Бирок бул Дүйшөмбү менен алдын-ала сүйлөшүлгөн эмес экен. Тажик тарап "эки өлкө ортосундагы жүргүнчү ташууда теңдик болушу керек" деп келишимде жазылганын билдирет. Ансыз да ортодогу аба каттамынын 60 пайыздан көбүн орус ишканалары аткараары белгиленет. Ушуга таянып тажик тарап жаңы рейсти кабыл алуудан баш тарткан. Жооп иретинде орус тарап Орусиянын 11 шаарындагы "Тажик эйр" менен "Сомон эйрдин" каттамын токтотуп салган.

- Орус тарап жолугушуулардагы макулдашуулар, жүргүнчү ташуудагы келишимдер аткарылышын жактайт. Ошон үчүн тажик кызматташтардан биздин авиакомпаниялардын Тажикстанга учуу тууралуу арызын толук канааттандырууну өтүнгөнбүз. Ошондо тажик тарапка карата кандайдыр жооп иретинде чара көрбөйбүз. «Теңдик» деген сөз келишимде жазылган эмес, - деди Орусиянын Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Тимур Хикматов.

Тажикстан жооп катары "Урал авиалиниялары", "Ютэйр", "Сибирь", "Северный Ветер" жана "Глобус" компанияларынын Дүйшөмбү менен Хужандга каттоо уруксатын кайра жокко чыгарды.

Ушу тапта жүргүнчүлөргө билет тапшырып, акчасын алуу сунушталып жатат. Орусия менен Тажикстандын ортосундагы каттамдардын жарымынан көбү токтоп турат.

Бул ириде эмгек мигранттарына таасир этүүдө. Көбүнесе мекенинде кыштаган тажикстандыктар жазда кайра Орусияга жөнөп кетишет.

Маселе качан чечилерин Дүйшөмбү так айткан жок. Тек гана бүгүн Тышкы иштер, Юстиция министрликтеринин, Авиация агенттигинин жана "Сомон Эйр", "Тажик эйр" компанияларынын өкүлдөрү сүйлөшүү үчүн Орусияга келмек. Азырынча андан кабар жок.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги маселени чара көрүү же "көрөбүз" деп коркутуу жолу менен эмес, сүйлөшүү аркылуу чечүүнү жактай тургандыгын билдирди.

Эки өлкө ортосунда жүргүнчү ташуу жаатында 2016-жылдын аягында да чыр чыккан. Анда да "Урал авиалинияларынын" Хужанд-Жуковский каттамын кабыл алуудан баш тарткан тажик бийлиги "теңдик сакталбады" десе, орус тарап "келишим бузулуп атат" деп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG