Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Аба ырайы: күн ачык болот


Аба ырайын маалымдоочу борбордун шашылыш билдирүүсү боюнча, 4-6-апрель күндөрү абанын температурасы кескин жогорулайт.

Буга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

5-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус ысыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз 1…6 градус жылыйт.

5-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. Абанын түнкү температурасы 6…8, күндүзгү температурасы 25…27 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG