Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 00:54

Бишкекте соода борборлорунун коопсуздугун текшерүү уланууда


4-апрелде борбор калаанын Октябрь районундагы соода борборлорунун өрт жана башка коопсуздугу текшерилди.

Иш-чарага өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси менен райондун акими чогуу көз салды.

Коопсуздук машыгуулары аймактагы “Технопарк”, "Технодом" соода оюн- зоок борборлорунда, “Фрунзе” соода борборунда болуп өттү. Машыгууга 200дөн ашуун адам катышты.

Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрттөн алтымыштан ашуун киши набыт болгон. Окуядан соң, Кыргызстандагы соода борборлорунун, базарлардын өрт жана башка коопсуздуктары текшерилип, түрдүү машыгуулар жүрүп жатат.

ӨКМ өкүлдөрү айрым соода борборлорунда коопсуздуктун тиешелүү талаптары сакталбагандыгын аныктап, бул боюнча мекеме ээлерине эскертүү берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG