Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 07:09

Бишкек шаардык санэпидем көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Мухамад Мурзашевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, ресторандагы үлпөт тойдогу уулануунун себептерин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Так маалымат 5-апрелде коомчулукка жарыяланат:

- Биздин баштапкы божомолдор боюнча ууланууга тойдо дасторконго коюлган тооктун эти себеп болгон. Анткени, ошол күнү ресторанда башка бирөөлөр куран окуткан. Ага да, буга да жетишпей калуудан чочулаган ресторан жетекчилиги тооктун этин эрте эле бышырып койгону анык болду. Ошол күнү абанын температурасы 29 градуска чейин көтөрүлгөн. Ысыкта көп туруп калган эт ууланууга түрткү берген.

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 180 киши кайрылган. Тойго 190 киши чакырылган.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган. Ресторан массалык уулануу фактысы аныкталмайынча жабылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү массалык уулануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256, ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") жана 258-берененелери ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөдө.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG