Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Трамп Ак Үйдө балтикалык үч лидерди кабыл алды


Литванын, Латвиянын, Эстониянын жана АКШнын жетекчилери маалымат жыйынында. 3-апрель, 2018-жыл.
Литванын, Латвиянын, Эстониянын жана АКШнын жетекчилери маалымат жыйынында. 3-апрель, 2018-жыл.

АКШнын президенти Доналд Трамп Ак Үйдө балтикалык үч мамлекеттин башчыларын шейшембиде кабыл алды.

Жолугушуудан кийин Трамп Кошмо Штаттар Литванын, Латвиянын жана Эстониянын эгемендигин дайыма колдоорун, советтик оккупация маалында да алардын СССРдин курамына киргизилгенин тааныбай, ушундай эле саясатты карманганын белгиледи. Жетекчилер коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулашты.

Литванын президенти Далия Грибаускйте "НАТО күчтүү болууга тийиш" деп, Орусиянын таасирин азайтуу зарыл экенин белгиледи. Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери Москвага туруштук бериш үчүн АКШ НАТОнун чыгыш тарабындагы позицияларын бекемдеши керек деп эсептешет.

Трамп болсо АКШнын бир да президенти Орусияга карата мындай катаал саясат жүргүзбөгөнүн айтып, ошол эле учурда Москва менен жакшы мамилелерде болуу ниетин кайталады.

Быйыл Литва, Латвия жана Эстония эгемендиктин 100 жылдыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG