YouTube компаниясынын баш кеңсесине кол салуу болду
Полиция ок аткан адам Калифорниянын 39 жаштагы тургуну, Насим Агдам атуу аял киши болгон деп билдирүүдө. Анын бул кадамга эмне үчүн барганы азырынча белгисиз. Дарыгерлер окуяда ок тийген 36 жаштагы эркек кишинин абалы оор экенин маалымдады. Ошондой эле 27 жана 32 жаштагы эки аял жаракат алган. 3-апрелде YouTube компаниясынын Калифорниянын Сан-Бруно шаарындагы башкы кеңсесине куралчан киши кирип барып ок чыгарган. Сан Брунонун полиция башчысы Эд Барберининин айтымында, ок чышаргандан кийин аял өзүн аткан деген маалымат бар. YouTube компаниясынын башкы кеңсесинде 1700 адам иштейт.