Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:37

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) башчысы Александр Бортников Орусияда былтыр болгон жана токтотулган теракттардын баарында мессенжерлер колдонулганын билдирди.

Москвада эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда ФККнын башчысынын айтканына караганда, былтыр Орусияда төрт теракт ишке ашса, 25инин алдын алууга мүмкүн болду. Террористтер бардык учурда “мессенжерлер аркылуу, анын ичинде Сириянын жана Ирактын аймагынан байланышта болгон” деди орустардын башка чекисти.

Бүгүн “Роскомнадзор» мекемесинин "Telegrаm" социалдык түйүнүнө койгон талабынын акыркы күнү. Бийлик анын колдонуучуларынын шифрларын ФККга берүүнү талап кылган. Эгер ал аткарылбаса, “Роскомнадзор» мессенжерди жаап салуу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат. "Telegram" болсо техникалык себептерден улам бийликтин сураган маалыматын берүү мүмкүн эмес экенин билдирген. Ошондой эле Орусиянын Конституциясында кат алышуунун купуялыгына кепилдик берилгенин жүйө келтирген.

Буга чейин Москвада ФККнын алдында "Telegram" түйүнүн колдогон акциянын беш катышуучусу кармалган.

XS
SM
MD
LG