Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:13

Момбеков: Фарид Ниязовдун билдирүүсү - чагымчылдык


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков азыркы жана мурдагы президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси тууралуу пикирин билдирди.

4-апрелде "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнө катышкан учурда Момбеков "чагымчылар өлкөдөгү саясий кырдаалга" таасир тийгизип жатканын белгиледи:

- Фарид Аблезимович президенттик аппараттын башчысынын кызматынан кеткенден кийин бул окуялар бириндеп, ириңдеп кетти. Ачык айтканда, мындай билдирүүлөрдөн, чагымчыл аракеттерден бүгүнкү саясий кырдаал оорлоп кетти. Фарид Ниязовдун акыркы билдирүүсүн чагымчылдык катары кабыл алам. Элге КСДП курултайы эмес, Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайрылып келгенден кийин айта турган сөзү гана кызык болгон. Анткени буга чейин ал буктун баарын толтуруп туруп, эки-үч айда бир жолу маалымат жыйынын өткөрүп, чыгарып койчу. Эл ошого көнүп калыптыр. Анын азыркы президенттин Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткандары, аппарат башчынын кызматтан кеткени боюнча эмне деп жооп берээри баарын кызыктырып жаткан. Ошол өңүттө гана кетиши керек болчу. Кырдаалды 17-марттагы "Форумдун" имаратынын алдындагы чакан митинг, андан кийин президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун мурдагы жана азыркы мамлекет башчылардын пикирлерин комментарийлегени курчутуп жиберди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта өзү төрага болуп шайланган КСДПнын он жетинчи курултайынан кийин Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн. Анда президент Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши "адаштырган маалыматтарды берип жатканын", Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырууга тийиш экенин жарыялаган. Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка да Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн айткан.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева буга "расмий жооп кайтарылбай турганын, бирок - Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жоктугун" кабарлаган.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 2-апрелде Стамалиевга жооп кайтарып, "экс-президент 2016-2017-жылдардагы жана 2017-2018-жылдардагы кышкы мезгилге ЖЭБдин жабдуусун ремонттоо үчүн келишим Жээнбеков өкмөттү жетектегенде эле түзүлгөнүн эске салган. Толгонай Стамалиева Кытайдын насыясынын алкагында ЖЭБди реконструкциялоо менен ишкананы жыл сайын оңдоону алмаштырбашы керек", - деп маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG