Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Бактарды кыюуга каршы чыккандар президентке кайрылышты


Бишкекте кыйылган бактар.
Бишкекте кыйылган бактар.

Баш калаадагы бактардын кыйылышына каршы чыккан активисттер жана укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго кайрылуу жиберишти.

Кайрылууда алар Бишкектеги жашыл зона 2005-жылдан бери 100 гектарга азайганын, соңку үч жылдан бери 10 миңден ашуун бак кыйылганын мисал келтиришкен. 2018-жылы борбор шаарда дагы эки жарым миң даракты кыюу пландалып жатканы эске салынып, муну кескин түрдө токтотуу талабы коюлган. Активисттер бак-дарактарды жоготуу абанын булганышына алып келерин, бул соңунда шаардыктардын ден соолугуна кедергисин тийгизерин белгилешкен.

Кайрылууда ошондой эле Бишкек мэриясынын бул багыттагы саясаты экологиялык коопсуздукка зыян тийгизери айтылган. Муну менен кошо кайрылууга кол койгондор шаардын архитектуралык жана инфраструктуралык келбетин бузууга каршы чыгышкан. Алар бул талаптарды шаардын жетекчилиги аткарбай жатканын, ошондуктан мамлекеттин эң жогорку бийлик өкүлдөрүнөн үмүт кыларын жазышкан.

Президентке жана Жогорку Кеңештин спикерине жазылган кайрылууга бир катар активисттер, укук коргоочулар жана “Жашылдар партиясынын” мүчөлөрү кол коюшкан. Талаптар орундалбаса, алар 3-майда Бишкекте нааразылык акцияларын баштай турганын эскертишкен.

Ушул эле топ 3-апрелде Бишкек мэриясынын алдында “Биз тумчугуп жатабыз!” аттуу акция өткөргөн.

Бишкек мэри Албек Ибраимов буга чейин бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, кыйылган бир бактын ордуна он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган. (ErN)

Активисттер: Мэр жоопко тартылсын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

XS
SM
MD
LG