Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Депутат өкмөттү чек ара маселесине көңүл бурууга чакырды


3-апрелде Баткендин Үч-Дөбө айылында кыргыз-тажик жарандары чатакташкан учур.
3-апрелде Баткендин Үч-Дөбө айылында кыргыз-тажик жарандары чатакташкан учур.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Карамат Орозова 3-апрелде Баткендеги чек ара чырына өкмөт көңүл бурбаганына нааразы болду:

- Чатак туурасында өкмөт башчынын чек ара боюнча орун басары үн катып койгон жок. Жакында эле Тажикстанга барып келген. Тажикстандагы сүйлөшүү жыйынтыктуу болгондо бул окуя чыкпайт болчу. "Абал туруктуу" деп айтып жатышат, бул убактылуу маалымат. Жергиликтүү бийликке коюп эле унчукпай коюу туура эмес да.

Карамат Орозова чек ара маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчисинин макамын көтөрүп берүүнү да сунуш кылды.

3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылында кыргыз-тажик жарандары чатакташып, үч киши жабыркаган. Бир автоунаага жана үйгө зыян келтирилген. Чатакка чек арадагы кыргыз тарапка кыргызстандык атуул дүкөн тургузганына тажиктер каршы чыкканы себеп болгон.

Бул маселе боюнча 4-апрелде чектеш жайгашкан Баткен жана Исфара райондорунун акимдери жолуккан. Айрым маалыматтар боюнча тараптар бир пикирге келе албай, 20-апрелде кайра жолугушууну сүйлөшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG