Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Баткен: чек арада чыккан чыр басылды


Үч-Дөбө, Баткен.
Үч-Дөбө, Баткен.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы 3-апрелде болгон чатак тууралуу маалымат берип, чыр басылганын, абал турукташып калганын кабарлады.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, эки тарап чыр-чатак жөнгө салынмайынча чогуу иш алып барышат.

Баткенде 3-апрелде чатак чыккан кыргыз-тажик ара аймагында жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин бүгүн да улантат. Абал туруктуу экенин өкмөттүн обустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүн Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими жолугушат. Чатактан келтирилген чыгымды атайын түзүлгөн комиссия эсептеп жатат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 3-апрелдеги окуяда кыргыз тараптан 17 кишиге таш тийген, анын үчөө ооруканага кайрылып, экөө жаткырылган. Жаңжалда автоунаа жана үйлөргө да зыян келтирилгени айтылды. Бирок алардын саны тууралуу так маалымат бериле элек.

Буга чейин жергиликтүү ​бийлик окуяда жараат алган бир кыргызстандык жаран ооруканада экенин билдирген. Мындан тышкары тажик тараптан бир чек арачы жабыркаганы тууралуу айтылган.

Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузула турган дубал себеп болгону айтылат.

Чек ара кызматы үчдөбөлүк тургун курууга аракет кылган дубал мамлекеттик чек аранын такталбаган участкасында болгонун жана ал жерде кандайдыр бир курулуш жасоого тыюу салынганын маалымдады.

Анын тыюуну эске албай жасаган аракети Тажикстандын Исфара районуна караштуу Кожалы айылынын тургундарынын нааразылыгын жараткан.

Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, кыйкырышып, аягы таш ыргытууга чейин жеткен.

Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган. Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери жергиликтүү тургундар менен жолуккан.

Маалыматка караганда, кыргыз тараптан бир үйдүн чатырына анча чоң эмес зыян келтирилген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы бир чек арачыга таш тийип, жараат алганын кабарлады.

Кыргызстандын чек ара кызматы мындан сырткары Баткендеги бардык чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Мындан мурдараак Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Үч-Дөбө кыштагынын тургундары, Тажикстан менен чектеш аймакта кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жер талаштан улам чатак чыкканын кабарлашкан.

"Фейсбуктун" колдонуучусу Каныбек Алиев аз убакыт мурдараак социалдык тармактарга "окуя болгон Үч-Дөбө айылында тартылды" делген видеону жайгаштырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG