Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Улан Рыскулов "Центерра Голддун" Кумтөрдө чалгындоо жүргүзүүгө лицензиясы жок экенин билдирди.
- Алардын азырынча лицензиясы жок. Алар учурда концессиялык келишимдин негизинде иштеп жатат. Мурда алардын концессиялык аянтчанын чегинен чыгып, иштөөгө лицензиясы бар болчу. Кийин аны токтотушкан. Кечээ Скотт айткандай, 2012-жылы токтотушкан. Ошол учурда лицензиядан баш тартышкан эле. Эми алар жаңы лицензия алуу боюнча кайрылышса керек. Балким, "Кыргызалтын" менен бирге алышы мүмкүн. Бирок азырынча бирге кайрыла элек, - деди Рыскулов.
4-апрелде Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушууда чалгындоону улантууга ниети бар экенин билдирген. Перри бул үчүн ишкана 26 миллион доллар жумшоого даяр экенин айткан.
Исаков Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк» 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган стратегиялык келишимди акырындап аткарып жатканын белгилеген.
Былтыр өкмөт Скотт Перри Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуш кылганын билдирген. Мындай учурда Кыргызстан “Центерра Голддун” курамынын чыгып кетиши керек болоору айтылган.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, "Центерра Голд" Кумтөрдө 2012-жылы чалгындоо иштерин токтоткон. (ErN)