Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Спикер чек арачы атып салган маркумдун жакындарына жардам берет


Дастанбек Жумабеков
Дастанбек Жумабеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусунда өзбекстандык чек арачы аткан октон набыт болгон адамдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бирок жардам түрү кандай болоору жана качан берилээри тууралуу маалымат айтыла элек.

Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган. Буга байланыштуу Бишкек Ташкентке нота жиберген.

Мамлекеттик чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында, чек арага жакын Мамай айылына баратканда окко учканын билдирген.

Өкмөт башчы тийиштүү кызматтарга тапшырма берип, чоо-жайын иликтөөнү тапшырган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG