Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Трамп Сириядагы чабуул үчүн Путинди, Орусияны жана Иранды айыптады


Думада соккулар уланып жатат. 7-апрель, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Сириядагы ыктымал химиялык чабуул үчүн Орусиянын лидери Владимир Путиндин жеке өзүн, Орусияны жана Иранды айыптады.

Ал Дума шаарында ондогон адамдын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өмүрүн алган 7-апрелде болгон ыктымал химиялык кол салууну "акылга сыйгыс химиялык чабуул" деп атады.

Ал өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына "Орусия менен Иран Айбан Асадды колдогондору үчүн жоопкер. Алар бул үчүн кымбат кун төлөшөт" -деп жазды.

Сириядагы оппозициячыл козголоңчулардын карамагындагы акыркы шаар деп саналган Думада ыктымал химиялык чабуул болгонун алгач активисттер жана куткаруучулар маалымдашты. Алардын айтымында, ондогон кишилер курман болду.

"Ак каскачандар" деген аталыш менен таанымал Сирия Жарандык коргоо уюмунун куткаруучулары жана башка активисттер 7-апрелде тик учак уулуу газы бар челектерди асмандан Думаны көздөй таштаганын, мындан улам жай тургундар тумчугуп, дем ала албай калышканын билдиришти.

Ал маалда Москва менен Дамаск бул дооматтарды дароо четке кагышты. Бирок Трамп Асаддын күчтөрү Думага медициналык каражаттарды жеткирүүгө жана Химиялык куралды иликтөө боюнча эл аралык эксперттерди киргизүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Евробиримдик да 8-апрелде тараткан билдирүүсүндө "далилдер режим тарабынан дагы химиялык чабуул жасалганын көрсөтүүдө" деп кабарлады. Шаркет режимдин тарапташтары катары Орусия менен Иранды Асадга болгон өз таасирин пайдаланып, мындан аркы химиялык чабуулдарды алдын алууга чакырды.

Иран менен Орусия алардын дарегине айтылган айыптоолорду четке кагышууда.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG