Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Сирия менен Орусия авиасокку үчүн Израилди айыптады


Cириянын аба күчтөрүнүн Т4 ("Тайфур") авиабазасы Палмира шаарынын батышында жайгашкан.
Cириянын аба күчтөрүнүн Т4 ("Тайфур") авиабазасы Палмира шаарынын батышында жайгашкан.

Сириянын мамлекеттик медиасы аба базасына урулган соккудан бир нече киши өлүп, жарадар болгондор бар экенин билдирди.

Сирия менен Орусиянын маалыматына караганда Израилдин согуш учактары Хомс шаарына жакын жердеги Т4 деген ат менен белгилүү "Тайфур" базасына 9-апрелдин таңында сокку урган.

Израил мындай айыптоого дароо жооп берген жок.

САНА мамлекеттик агенттиги жабыркагандардын санын айткан жок. Британияда жайгашкан, адам укуктарына көз салган обсерватория өкмөттүн тарабында согушкан аскерлерден кеминде 14 адам өлгөнүн, анын ичинде ирандык күчтөр болгонун билдирди.

7-апрелде Сириядагы козголоңчулардын карамагындагы Дума шаарындагы "химиялык" деп болжолдонгон чабуулда кеминде 40 киши өлгөнүн опопзиция менен жергиликтүү активисттер билдиришкен.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп ал үчүн Орусиянын лидери Владимир Путинди, Орусияны жана Иранды айыптады.

Орусия менен Иран мындай дооматтарды дароо четке кагышты.

XS
SM
MD
LG